1 млн 700миң долларлык келишим. 7 дубандан 400 ишкер. Көчмөн Бизнес Аянтча 2023 кандай өттү?

21 August 2023
Мероприятие
1 млн 700миң долларлык келишим. 7 дубандан 400 ишкер. Көчмөн Бизнес Аянтча 2023 кандай өттү? | Vizitka

JIA Бизнес-ассоциациясы 19-20-август күндөрү Ошто Көчмөн Бизнес Аянтча-2023 иш-чарасын өткөрдү. Иш-чарага Бишкек, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунан жана кошуна Казакстан, Өзбекстандан 400дөй ишкер катышты.

Иш-чарада өлкөдөгү алдыңкы спикерлер “Супара” этнокомплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева, Гарвард бизнес мектеби, Хьюстон университети, METU (Middle East Technical University) сыяктуу алдыңкы окуу жайлардын бүтүрүп дүйнөнүн ири компанияларында инженер болуп эмгектенген жубайлар Эмил Билгазыев менен Мунара Толубаева, “Ак Кеме” курулуш компаниясынын жетекчиси Рахматулла Мадазимовдор тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Ошондой эле улуттук оюндар, туризм жана кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барган товар жана кызматтардын көргөзмө-жарманкеси, маданий иш-чара менен коштолду.


Көчмөн бизнес аянтча – JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан жыл сайын ар кайсы аймакта өлкө ишкерлерин чогултуу, маалымат алмашуу жана кызматташтыкты чындоо максатында өткөрүлүп келет. Бул жылы иш-чара ички туризмди өнүктүрүүгө багытталат. Буга чейин Талас жаана Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн.

Шерали Касималиев, Ош JIA директору:

“Көчмөн Бизнес Аянтча-2023 иш-чарасынын негизги максаттарынын бири 7 дубандын ишкерлерин бириктирүүнү, соода сатык мамилелерин жакшыртууну, ишкерлер ортосундагы нетворкинг, улуттук оюндар, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана ички туризмди өнүктүрүүнү максат кылат. Иш-чарадан кийинки келишим жана ишкерлердин кызматташуусу долбоор өз максатына жеткендигинин дагы көрсөткүчү экенин белгилөөгө болот”

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!