Гулзада Рыскулова: "Музыканын сыйкыры чоң!"

25 May 2021
Личность
Гулзада Рыскулова: "Музыканын сыйкыры чоң!" | Vizitka

Биздин өлкө өзүнүн таланты менен белгилүү. Ал эми шоу-бизнестин эң жаркын өкүлдөрүнүн бири —  Гүлзада Рыскулова. Карьерасында көптөгөн бийиктиктерге жеткен таланттуу этно-ырчы, бактылуу эне жана өз тармагында ийгиликтүү инсан. Гүлзада биз менен жашоосундагы көптөгөн кызыктуу учурлар, үй-бүлө менен карьераны кантип айкалыштыруунун сырлары жана чыгармачылыктагы келечек пландар жөнүндө бөлүштү.

  •  Кутмандуу күнүңүз менен, Гүлзада. Өлкөдөгү кырдаал сиздин чыгармачылыгыңызга таасир эттиби?

Өлкөдөгү кырдаал бул-бүтүндөй дүйнөгө да көз каранды болот экен. Биз баарыбыз бир тирүү организмдей, бири-бирибизге байланыш экендигибизди, акыркы 2020-жылдагы окуялар айкын тастыктады десем болот. Кырдаалдан улам көп иш-чараларыбыз токтоп калды, чет элге болгон сапарлардын баары кайтарылып калганы, албетте аябай чоң таасирин тийгизди. Менин чыгармачылыгым көбүнчө башка өлкөлөрдөгү этникалык фестиваль, иш-чаралар менен байланышта болгондуктан, мага аябай билинди. Акыркы окуялар тирүүлүк, жаратылыш кымбат экенин, адам адамга маанилүү экендигин, ден- соолуктун кадырын билгизди. Убакыт, бир туугандарың, үй-бүлөң канчалык баалуу экендигин сездик десем да болот. Биз турмуштун шары менен айланып журүп, чыныгы жашоонун маңызын унутуп бараткан экенбиз. Бир жылга "тайм аут" (тыным) алып, өзүбүздү тынчтандырып, жашоого, дүйнөгө саресеп салып ойлоно турган мүмкүнчүлүк болду. Жан дүйнөмдө чоң өзгөрүү болду, ошол эле учурда бала-чака, үй-бүлөң үчүн коркуу сезимдери да ойлондурбай койбойт экен.

 

  • Сизге эмне күч берет жана илхамды кайдан издейсиз?

Чыгармачылыкта жакшы иштөө үчүн, чыгармачыл адамга жалгыздык, тынчтык керек экен.  Чыгармачыл адам илхом качан келет экен деп күтпөй, өзүнө шарт тузүш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө балдарым кичине болгондугуна байланыштуу, шарт тузүп, илхомду кармай албай жатам...(кулүп)

 

  • Сиздин оюңуз боюнча, биздин өлкөдө этно стилдеги ырчылардын кастасын түзүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Кантсе да, мындай сапаттуу чыгарма бардык жагынан: музыка, ырлардын мааниси, костюмдар, клиптер ж.б. - Сиз гана жаратып жатат окшойсуз.

Баалаганыңызга чоң рахмат! Ырчылардан көп байкадым, кээ бирөөлөр менин кийинүү стилистикамы алышат, айрымдар манераларымы колдонуп ырдашты.  Тематикага жакындаштарып ырдагандар да аз эмес. Бул албетте кубандырат! Менин максатым ошол болчу. Биринчи максат - ошол улуттук баалуулуктарды пропаганда кылуу.  Менин образдарым эл арасында кайталанса мен албетте сүйүнөм! Аны мен өзүм жараткан жокмун, болгону бар нерсени жаңылап, жаңы өмүр берип алып чыктым десем туура болот. Кээ бир учурда, дизайнерлердин мендеги образды кайталаганын байкап калам.

 

  • Өзүңүздүн вокалдык жана музыкалык мектепти түзүү идеяңыз барбы?

Карантин учурунда мен өзүмдү байкап көрдүм.  Вокалдан сабак берүү боюнча сунуш түшүп калды эле — "Балдарыбыз үйдө болуп калды, сабак бербейсиңби” - деп.  Ошол учурда байкап көрсөм, мен азыр мугалим болуп сабак өткөнгө даяр эмес экенмин. Бир орунда олтуруп, бир эле иш менен алектенүүгө азырынча даяр эместигими сездим.

 

  • Эмне үчүн альбомдорду жаздыруу бизде популярдуу эмес деп ойлойсуз, батышдагыдай сыяктуу?

Альбом жаздыруу менимче батышта деле актуалдуу болбой калды окшойт. Анын ордун интернет сайттар, ютуб ээлеп кетти. Интернеттен эле угуп же көчүрүп алып жатышпайбы.  Анан, альбомду сатып пайда көрүү деген Кыргызстанда дегеле болгон эмес.  Ошого карабай, мен альбом чыгарганмын, эч кандай пайда алып келбейт экен. Бул имидж үчүн гана керек экен деп калдым.  Улам доор алмашып, техника өсүп жатканда бул жагынан да жакшы контенттерди жаратып жатабыз, болгону башка өңүттө болуп жатат.  Чет элдик ырчылар альбом чыгаруу менен эле аябай байып кетишкен. Бизде да жасап көрүштү, бирок эски альбомдорду кайталап, сапатсыз жасап койгондуктан эч бир пайда алып келбейт экен.

 

  •  Сиздин оюңуз боюнча, биздин өлкөдө музыка көбүрөөк -  бизнеспи же чыгармачылыкпы?

Көбүнчө бизнес, шоу-бизнес популярдуу болуп жаткандай. Эгер чыгармачылыгың, профессионалдуу сахна, профессионалдуу музыка жөн эле чыгармачылык болуп калбасын десең, аны акчага да айландырууну үйрөнүш керек экен. Бизде көбүнчө бизнеске ыңгайлашып жеңил, той кечелерге арналган ырларга талап жакшы.  Ал эми салтуу, көрөңгөлүү музыкаларыбыз чет элге турнеге жасаганда гана пайда алып келиши мүмкүн.  Тилекке каршы, дүйнөлүк музыка рыногуна биздин салттуу музыка чыга элек. Чыкса да болот. Анткени бизде ошончолук аспаптарыбыз бар, күчтүү музыканттарыбыз бар. Бирок, бул бир эле адамдын же топтун колунан келбейт экен, бутүндөй мамлекет колдоосу керек.  Мисалы, биз билебиз кичинекей эле Тува, Якутия сыяктуу чакан көчмөн элдер деле дүйнөгө тур жасап, музыка ааламында өздөрүнүн орду бар.

 

  • Үй-бүлө менен чыгармачылыктын тең салмактуу баланста сактоо боюнча сырыңызды айтып бересизби.

Чынын айтыш керек, үй-бүлө кургандан кийин көбүрөөк энергияң үй-бүлөгө бурулуп калат. Бирок, ошого карабай биз иштеп көнүп калганбыз да, жөн жата албайт экенсиң. Баарына жетишсе болот, ага көбүрөөк энергия, аракет керек. Эң негизгиси өзүңүн жасап жаткан ишиңи сүйүшүң керек экен. Үй кожейкесинин үйдө жасаган ишинин өзү эле чоң иш да. Мисалы, бала тарбиялоо, куттуу үйдү алып олтуруу. Чыгармачыл инсанга жолдошу  колдоо көрсөтүп турбаса, ал өспөй калат. Жолдошум дайыма кубаттап турган үчүн, албетте, мурдагыдай болбосо дагы, бараткан багытыман калбай аракет кылып келе жатам.

 

  • Сиз сыяктуу таланттуу адамдарга, биздин мамлекетте музыка жаратуу ыңгайлуу болгон кандай келечекти элестете аласыз?

Мамлекет келечекте музыка, искусство багытына көңүл бөлөт деген ишенимдемин. Анткени, бир гана ушул чыгармачылык адамдын жүрөгүнө түз барып жайгашат.  Маалымат кара сөз же башка бир үйрөтүү, үндөөгө караганда музыка аркылуу адамга бат сиңет. Ошондуктан, келечекте маданият биринчи орунда болуш керек деп ойлойм. Анын ичинде музыка дүйнөсү. Мотивация берген кинолордон байкап эле жүрөбүз, чогуу хор ырдоо, адамга күч берип, достукту, биримдикти бекемдей турган касиетке ээ.  Музыканын сыйкыры чоң! Бүгүнкү аксап жаткан маданиятыбыз, келечекте багы ачылат деген чоң ишенимдемин!

 

Маегиңиз үчүн рахмат!

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!