Ош шаарында жаштардын чыгармачылык борбору курулуп жатат

06 June 2023
В кадре профессионал
Ош шаарында жаштардын чыгармачылык борбору курулуп жатат | Vizitka

Ош шаарында курулуп жаткан жаштардын чыгармачылык борбору


Бул маекте «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан чыгармачыл борбордун курулушу тууралуу сөз кылабыз. Жаштар үчүн «Креативдүү Хаб» борбору – бул ар бир адам өзүнүн чыгармачылыгын көрсөтүп, ар кандай чөйрөлөрдө: искусство жана дизайндан IT-технологияларга жана социалдык ишкердикке чейин өз жөндөмүн өрчүтө турган жер. Мындай аянтчаар түрдүү кызыкчылыктары бар жана өз идеяларын ишке ашырууга жалпы каалоосу бар адамдар чогулган борборго айланат. Чыгармачыл борбордо жаштар өзүн-өзү өнүктүрүү куралдарын гана эмес, ошондой эле активдүү тажрыйба алмашууга жана өз командаларын түзүүгө өбөлгө түзгөн иш-чараларга, сынактарга жана долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул чыгармачыл борборду жаштардын маданиятын өнүктүрүүдө жана чыгармачыл жамаатты чыңдоодо алмаштырылгыс орунга айландырган негизги фактор болуп эсептелинет.


Саламатсызбы, Акмарал. Айтсаңыз, «Жаштар Креативдүү Хаб» дын демилгеси, идеясы качан жана кантип жаралган?

– Негизинен “Юз оф Ош” жаштар уюму 2008-жылы негизделгенден бери, биз ар дайым жаштар үчүн ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана коомдук инфраструктуралык шарттарды түзүүгө аракет кылып келгенбиз. Ошондон улам, Хабтын идеясы жаштар менен иштөөдөгү көп жылдык тажрыйбадан улам келип чыкты. Биздин команда ишке ашырган көптөгөн долбоорлордун натыйжасында, жаштардын муктаждыктарынын негизинде ушундай аянтча түзүү зарылдыгы бар экени белгилүү болуп, бирок азыркындай реалдуу форматка чейин биздин оюбузда идея, арзуу түрүндө көп жыл жашады. 2020-жылы атайын хабтын курулушу үчүн жер тилкесин сатып алып, бул долбоорду ишке ашырууга кириштик.

«Жаштар Креативдүү Хаб» дын курулушу кайсыл убакта башталды жана канча каражат талап кылынып жатат азыркы кезде?

– Жаштар Креатив Хабынын курулушу 2021-жылы 10-Ноябрь Эл аралык жаштар күнүндө расмий башталган. Бул күнү чакырылган коноктордун коштоосунда 2050-жылдагы жаштарга арнап атайын кайрылуу кат жазылып, убакыт капсуласы менен бекитилген. Буюрса, 2021-жылдын жаштары жазган кайрылуу катты 2050-жылдын жаштары окуп, азыркы ой-тилектер менен тааныша алышат. Хабтын курулушуна жалпысынан 18 000 000 сом талап кылынат, анын ичинен азыркы күндө биздин команда, кайдыгер эмес жарандар, айкөл бизнес өкүлдөрү болуп 6 млн сом тегерегинде каражат чогултулду. Бүгүнкү күндө ушул каражатка курулуш иштери кызуу жүрүп, имараттын бетон контструкциясы толук бүтүп калды. Жаштар креатив хабы толук бүтүшү үчүн бизге дагы 12 млн сом каражат керектелет.

Имарат 3 деңгээлден туруп, жалпы аянты 540 м2 түзөт.

Бул уникалдуу долбоордун ишке ашышы ашар жолу менен жүрүп, жарандар арасында “Бир адамдан – бир кирпич”, уюмдар арасында “Бир уюмдан - бир салым” аталышындагы акциялар аркылуу элдик салым кошулуп жатат.

Бул долбоордун  эң негизги 5 өзгөчөлүктөрүн айтып берсеңиз?

  • Жаштардын муктаждыгынын негизинде жаралган долбоор;
  • Толук ашар жолу менен курулуп жаткан биринчи борбор;
  • Креативдүү тармакты өнүктүрүүгө багытталат;
  • Шаардагы жаштарды башын бириктирүүчү коомдук аянтча;
  • Борбор жалан гана жаштар үчүн эмес жана алардын ата-энелерине да өнүктүрүү программаларын сунуштайт, ошондой эле жаштар менен жумуш берүүчүлөр ортосунда көпүрө болуп берет.

Бул долбоор Ош шаарына кандай пайда алып келет?

Ош шаары  өзү да бир хабтын ролун аткарган шаар. Биздин шаарга жакынкы региондордон миңдеген жаштар келип, ЖОЖдордо билим алышат жана бул жерде жашап, иштешет. Азыркы учурда шаарыбызда жаштарды өнүктүрүүчү аянтчалар абдан аз. Хаб сыяктуу борборлор канчалык көп болсо, окуудан сырткары жаштар ошончолук көбүрөөк пайдалуу нерселер менен алек болуп, өздөрүн өнүктүрө алышат. Ошондуктан, биздин долбоор бир гана Ош шаарына эле эмес, дегеле жалпы түштүк регионунда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенебиз.

Сиздер жаштар менен активдүү иштешип, жаштарга арналган ар кандай иш-чараларды өткөрүп келесиздер. Азыркы жаштардын психологиясы, идеологиясы жөндөмдүүлүгү кандай өөрчүгөн сиздин оюңузча?

– Ар бир мезгилдин жаштары өзүнө тиешелүү сапаттарга, баалуулуктарга жана өзгөчөлүктөргө ээ. Бүгүнкү күндө көптөгөн жаштар эркиндикти, өз оюн эркин айтууну жана индивидуалдуулукту баалашат. 80-90-жж туулуп-өскөн муунга салыштырмалуу азыркы жаштар салттуу нормаларга жана баалуулуктарга карата либералдуу көз караштарга ээ. Жаңы технологияларды тез үйрөнүп кетүү жөндөмү менен бирге ошол эле учурда абдан чыдамсыз келишет. Бул азыркы реалдуулук. Эми ушундай бараткан тенденцияда кантип өзүбүздүн нукуралуугубуз менен жаңы технологиялык сапаттарды айкалыштыра алабыз деген суроо азыркы коомдун алдында турат.

Бүгүнкү күндө коом жаштарга (келечек ээлерине) кандай көз карашта болушу керек?

Бугунку кундо чондор менен жаштардын ортосунда чон ажырым бардай. Ата-энелер тилеке каршы, балдарым эч нерседен муктаж болбосо экен, башкалардан кем болбосо деген ниетте, акча табуу менен көбүрөөк алек болуп, балдарына көнүл буруп тарбиялаганга убактысы калбай калып жатат.

Өлкөбүздө билим берүү системасы да эскирип, бүгүнкү талапка жооп бере турган кесиптин ээлерин чыгара албай жатат. Ошондуктан көптөгөн жумушсуз жаштарыбыз жумуш таба албай, миграцияга кетип жатат жана айрым шаардык жаштар өздөрүнүн келечегин Кыргызстандын өнүгүүсүнө байлай алышпайт, Америка, Европаны кетүүнү кыялданышат. Жергиликтүү бийлик, мамлекет, жакштарга багытталган программа, стратегияларды жаштардын үнүн угуп, өздөрүнүн оюндай эмес, чыныгы жаштардын муктаждыгынын негизинде, аларды активдүү катышуусунда жаштар саясатын ишке ашырса жакшы болмок.  

Албетте, аябай демилгелүү, билимдүү, мыкты жаштарыбыз да көп, алар өздөрүнүн келечегин шаарыбыз менен байланыштыруу үчүн, аларды кызыктыра турган Хаб сыяктуу платформалар алардын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.  – «Жаштар Креативдүү Хаб» да мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дагы шарттар түзүлөбү?

– Биз жаштардын баардык катмарын камтып, аларды ар тараптуу өнүктүрүүнү максат кылабыз. Ошондуктан, болочок имаратыбызда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн сөзсүз түрдө аларга ылайыктуу шарттар түзүлөт.

Курулуш бүткөн соң, кандай багыттар боюнча иш алып барасыздар?

–  «Жаштар Креатив Хаб» эмне иш алып бараарын биринчиден жаштар өздөрү аныктайт жана өздөрү жасайт, ошондой эле биз 15 жылдык тажрыйбанын негизинде жаштарды өнүктүрүүдө төмөндөгү негизги багыттар боюнча иш-алып барууну сунуштайбыз:                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                       

  • Креатив жана IT индустриянын негиздери;
  • Турмуштук көндүмдөр жана кесипкөйлүк үчүн билим берүү;
  • Жарандык активдүүлүктү өнүктүрүү, анын ичинде дебат, квн, экология, ыктыярчылык сыяктуу клубтар болот;
  • Жаштардын чыгармачыл өзүн-өзү турмушка ашыруусуна шарт түзүү;
  • Ишкердик жана стартаптарды жайылтуу жб.

Сиздер демилгеленген «Жаштар Креативдүү Хаб» дан тышкары, жаштардын өнүгүүсү үчүн Ош шаарында дагы кандай борборлорду ачууга мүмкүн?

– Ошто жаштардын саны ашуун. Ош шаарында окуу жайлардан тышкары пайдалуу нерсе менен алек болууга шарттардын өтө аздыгына байланыштуу, жаштарыбыз телефон менен көп убактысын өткөзүшөт. Жаштар өздөрүнүн энергиясын терс чөйрөлөргө жумшап жатышат, мисалы рекет, криминал группаларга кошулуп. Жаштардын критикалык ой жүрүртүү, өздөрүнүн оюн бирөөгө айтуу, бир көйгөйдү өзү чечүүнү билүү көндүмдөрүнө ээ болбой калып жатышат.

Ошондуктан биз куруп жаткан Креатив Хабтан дагы башка көптөгөн борборлор керек.Жаштар үчүн коомдук аянтчалар канчалык көп болсо, жаштарыбызга ошончо пайдалуу болот.

Жаштардын келечегине кайдыгер эмес жарандарыбызды, компанияларды жаштарды колдоп коюнуздар деп чакырабыз. Жаштардын көптөн бери күткөн «Креативдуу Хабы» бүтүп кетүүсү сиздин колунузда.  

Жаштардын Креативдүү ХАБынын курулушуна салым кошуу үчүн реквизиттер:

ДемирБанк

1180000172212087 (сом)

1180000172212188 (USD)

? 0558 07 22 70 (баланс толтуруу)

? 0778 07 22 70 (баланс толтуруу)

@youthofosh

@youthhub_osh

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!