Ош шаарында ачылган “КЕЛ БИЛ” билим берүү комплекси ушул 2021-2022-окуу жылында ишмердүүлүгүн баштады.

14 March 2022
В кадре профессионал
Ош шаарында ачылган “КЕЛ БИЛ” билим берүү комплекси ушул 2021-2022-окуу жылында ишмердүүлүгүн баштады. | Vizitka

ҮМҮТ КУШБАК КЫЗЫ
“KelBiL” билим берүү комплексинин директору
ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүндө жетектөөчү адис;
ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүндө улук инспектор; ОшМУнун “Зирек” башталгыч билим берүү борборунун директору; Бишкек шаарындагы “Global school” жеке билим берүү комплексинин директору;
Тез окуу жана менталдык арифметика боюнча тренер,
Web of science жана Scopus илимий маалыматтык базасы боюнча эксперт.

 

Ош шаарында ачылган “КЕЛ БИЛ” билим берүү комплекси ушул 2021-2022-окуу жылында ишмердүүлүгүн баштады.

         

Учурда билим берүү комплексинде:

•         Мектепке даярдоо (0 класс);

•         1-2-3-4-5- класстары бар;

          Билим берүү тармагында көптөн бери иштеп, аралашып жүргөн, жаш болсо да буга чейин бир топ мектептерди жетектеген, учурда “КЕЛ БИЛ” билим берүү комплексинин директору Үмүт Кушбак кызы менен жакындан таанышып, мектеп боюнча маалыматтарды сурадык.

 

“Кел Бил” аталышы кандай жаралды?

Бир укканда эстеп калганга ыңгайлуу, жөнөкөй, уккулуктуу бирок ошол эле учурда заманбап кыргыз тилинде мектепке ысым издедик. Бизде 3-4 варианттар болуп, акыры “Кел Бил” аталышына токтолдук. Түшүндүрмөсү жөнөкөй “Келиңиз, билиңиз”.

 

Мектеп канча орундуу? Учурда канча окуучу билим алууда?

Жаңы бүткөрүлгөн, чакан имарат. Окуу кааналарыбыз жарык, жылуу. Өзгөчөлүк болсун деп, класстарды, коридорлорду, ашкананы, спорттук аянтчабызды оформления кылганбыз. Ар бир окуучу жекече олтурсун деп, парталарды да бир окуучуга ылайыктуу жасаттык.        

Санитардык талаптар сакталган. Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча тийиштүү шаймандар менен камсыздалган. Коопсуздук боюнча ар бир класска камералар коюлган.

Башкысы билим алууга толук шарттар түзүлгөн.

Жалпы 150 орундуу. Учурда бардык класстарыбыз толуп, дагы кезекке жазылгандар да бар.

 

Окутуучулук курам, анын сапаты боюнча айтып берсеңиз?

Бизде дээрлик баары көп жылдан бери мектепте иштеген, тажрыйбалуу, дасыккан, балага жакын, билимдүү окутуучулар.

Мыкты мугалимдердерден куралган ынтымактуу командабыз бар.

Мугалимдер өзү да тынымсыз изилденип, окуп туруусу эң маанилүү. Бул багытта да аракеттерди көрүп, алар үчүн окуу курстарын уюштурдук. Дагы улантабыз. Креативдүү ой жүгүрткөн, тажрыйбалуу, компетенттүү мугалимдерибиз менен инновациялык табылгаларды пайдаланып окуучуларыбызга билимди, таалим-тарбияны жугумдуу, сапаттуу берүү үчүн аракет кылып жатабыз.

Окуучуларга билимди акылыбыз менен, тарбияны жүрүм-турумубуз менен беребиз!

Окутуудагы өзгөчөлүктөргө токтолсоңуз?

Санариптик инструменттердин (Мисалга “Матифик” эл аралык платформасы ж.б.) жардамы менен окуучулардын өз алдынча билим алууга жөндөмүн, окууга болгон кызыгуусу артат, татаалдыкты жөнөкөй көрө билет.

Ар бир окуучубуздун функционалдык сабаттуулугун арттыруу, алардын коомго толук кандуу аралашып, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмдөрдү жана билимдерди сиңирүү - биздин негизги милдетибиз.

Бүгүнкү күндө биз мамлекеттик стандарттын негизинде билим берүү менен 2 базалык программаны пайдаланып келебиз STEM+4c.

STEM - билим берүү, илим, технология, инженерия жана математика жаатындагы методикалык ресурстарды камтыйт. 4с –көндүмдөрдүн топтому. 1с – критикалык ой жүгүртүү, маалыматтарды талдоо, аны түшүнүү жана чечмелөө, баалоо, чечим кабыл алуу. 2с – баарлашуу жана өз оюн башкаларга жеткирүү, бөлүшүү. 3с – командада иштөө жана жалпы максатка карай умтулуу, жоопкерчилик жана өнөктөштүк. 4с – көйгөйлөрдө чечүүдө чыгармамачылык жана креативдүүлүк, кызыктуу идеялар менен иштөөдөгү иновация.

Бул эки базалык программа (STEM+4c) окуучуларга оюн аркылуу билим алууга, команда менен иштей билүүгө жардам берет жана тоскоолдуктарды креативдүү чечүүдө, жогорудагы багыттар боюнча көндүмдөрдү өрчүтөт.

Ачылганыбызга аз болсо да ийгиликтерибиз жаман эмес

Шаардагы олипиаданын тандоо турун өткөрдүк. Кийинки этапка даярданып турабыз;

•   Olimpiada.kg тарабынан өткөрүлгөн олимпиадада 30дан ашык окуучуларыбыз кийинки турга эң жогорку көрсөткүчтөр менен өтүштү, февралда областык турга катышышат.

•   “Матифик” эл аралык математика боюнча платформасы Бишкек жана Ош шаарынын окуучулары  ортосундагы жарыяланган сынакта,  50дөн ашык окуучунун арасынан биздин окуучубуз 3-орунду ээледи (274балл).

•   Таэквондо боюнча шаардык мелдеште окуучуларыбыз 1,2,3 орундарды камсыз кылышты.

•   Менталдык арифметика боюнча сынакка кызуу даярданып аткан учурубуз.

 

Ата-энелер менен

Биринчиден, шаарыбызда бир топ жеке мектептердин ичинен бизди тандаган ата-энелер үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Буюрса бизге берилген ишеним авансын татыктуу актоого бүт аракетибизди жумшайбыз! Дайым изденип, жаңылыктарга умтулуп, жаңы табылгаларды мектепке жайылтабыз!

Тынымсыз ар бир окуучубуз боюнча байкоо (мониторинг), талдоо жүргүзүп, жетишүүсүн карап, ата-энесине малымдап турабыз.

Ата-энелер менен жакындан иштешүү, кабарлашып, процесске тартуу жакшы жыйынтыгын берерине ишенебиз.

          Сапаттуу билим берүүнүн чыгымына чыдап, бирок болду, акчасы төлөндү деп болгон жүктү мектепке оодарып салбаңыздар! Үйдө да көмөктөшүп, бышыктап жардам бериңиздер!

 

Социалдык "АК ДИЛ" долбоору

Мектепте ата-энеси жок, жардамга муктаж болгон, таланттуу балдарды колдоо багытында социалдык "АК ДИЛ" долбоорубуз бар, быйыл 3 окуучуну алдык. Ата-энеси жок 100%, атасы жок 50%, ушул жылы Баткендеги чыр-чатакта жабыркаган үй-бүлөнүн баласына 50% окуу төлөмүнөн бошотулушту. Дагы улантабыз, санын көбөйтөбүз.

Ар бир окуучубуздун көзүндөгү нуру, алдыга умтулуусу өчпөсүн! Мектепке ар бир окуучубуз кубануу менен кирип, жылмаюу, сүйүнүү менен чыксын дейбиз!

 

          “КЕЛБИЛ” билим берүү комплекси куттуу билим журтту болсун!

 

Дарегибиз: Ош ш., Молдо Нияз 9 (Баялинова 21)

Болжол: "Магнат" рес. ГУВД, ГКНБ

Байланыш номерлер: 0777 60 60 07, 0704 60 60 07

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!