500дөн ашуун жаштар“Жаштардын стажировкасы” окутууга катышып, 100гө жакыны ар кайсы тармакта стажировкадан өтүштү

29 November 2023
В кадре профессионал
500дөн ашуун жаштар“Жаштардын стажировкасы” окутууга катышып, 100гө жакыны ар кайсы тармакта стажировкадан өтүштү | Vizitka

Учурда жумуш издегендер да, жумушчу издегендер да аябай көп. Жумушсуздук көйгөйү азыркы тапта орчундуу маселелердин бири. Бирок, рынокто жумуш жок деп айтуудан алыспыз. Тескерисинче,  өзүбүздүн практикадан алып карай турган болсок, бир айда жок дегенде 5-10 вакансияга кадр сурап кайрылышат. Бул эми бизге кайрылгандар гана. Андан сырткары канчалаган платформаларда ачык вакансиялар жарыяланып келет. Бизде болгон ресурстарды пайдаланып, ишкерлерге кадр таап берүүгө аракет кылабыз. Бирок көпчүлүк учурда эки тараптын бири-бирине болгон талаптары туура келбей калат. Мунун бир топ себеби болушу мүмкүн. Ошол эле маянанын аздыгы, жаштардын каалоолорунун өзгөчөлөгү. Ошону менен бирге жаштардын жумуш издегенде эмнелердин эске алынышы керек экендигин билбей жаткандыгында, тажрыйбасыздыгында болуп жатат. Ал эми иш берүүчү тарап болсо, тажрыйбалуу кадрларды жумушка алууну каалашат.


“Жалпы 500дөн ашуун жаштар окутууга катышып, 100гө жакыны ар кайсы тармакта стажировкадан өтүштү”


Ошондуктан биз жаштарга стажировкадан өтүүнү сунуштап келебиз. Анткени стажиравканын баалуулугу аябай чоң. Эгерде жаштар окууну бүтүп алып жумуш издебестен, 3-4 курстарында стажировкага жайгаша турган болсо, көп нерсе үйрөнүшөт.

  • Биринчиден, өздөрү жумуш чөйрөсүнүн практикада кандай экенин көрүшөт, тандаган багыты өзүнө жагабы, жакпайбы анализ кылып алышмак.
  • Экинчиден, ишкерлер дагы стажировкадан өтүп, баарын билип калган адамды батыраак жумушка алат.

Долбоор тууралуу айта турган болсок, бул долбоор 2 жылдан бери пилоттук долбоор катары 6 локацияда ишке ашырылып келе жатат. Долбоор 18жаштан 35 жашка чейинки жаштарга арналган. JIA Бизнес-ассоциациясы ушул жылдын башынан баштап, өнөктөштөр менен биргелешип иш алып барууда. Долбоордун алкагында жаштар үчүн гайд жана 4 сааттык тренинг иштелип чыкты.

Тренингдин мазмуну:

  • карьера,
  • карьералык өсүүнүн жеке планы,
  • стажировка өтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү,
  • эмгек базарын талдоо,
  • эффективдүү резюме даярдоо,
  • жумуш берүүчөр менен маектешүү

деген бөлүктөрдөн турат.

“Долбоор 2 жылдан бери пилоттук долбоор катары 6 локацияда ишке ашырылып келе жатат”

Жалпы 500дөн ашуун жаштар окутууга катышып, 100гө жакыны ар кайсы тармакта стажировкадан өтүштү. Алардын ичинен жумушка жайгашып, иштеп жаткандары да бар. Негизи эле жумуш берүүчүлөр, окуу жайлардын карьера бөлүмдөрүнүн жетекчилери, калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыктарынын өкүлдөрү менен талкуулар уюштурулуп, дагы да эффективдүү иш алып баруу боюнча сунуш-пикирлер айтылып жатат. Бизде стажировкага кабыл алуу кескин түрдө жайылган эмес. Атайын стажерлорду кабыл алган компаниялар саналуу. Иш берүүчүлөр дагы стажировканын маанилүүлүгүнө басым жасап, стажерлорду көбүрөөк кабыл алышса, эки тарап үчүн тең утуш болмок.

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!